Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 13.07.2015 15:03

Айыл турмушу: Базар-Коргондун Шыдыр айылында жеке ишкер А.Сатиев балык жана аары багып, киреше табат (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл аймагынын Шыдыр айылынын тургуну, жеке ишкер Абдыразак Сатиев өз үйүндө «карп белый амур» балыгын ушул жылдын башынан бери багып келет, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка ылайык, учурда анын балыктары жакшы чоңоюп жатат.

Андан сырткары, жеке ишкер аары багып, анын корпустарын да өзү жасайт.

А.Сатиевдин 50дөн ашык бал челеги бар. «Бир жылына 1500 кг дан ашык бал алам», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×