Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.07.2015 16:23

Айыл турмушу: Жети-Өгүздүн тургуну З.Дыйканбаева шырдактын 20 түрүн жасап, чет элдиктердин жогору баасына татыйт (фоторепортаж)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун тургуну Зейнеп Дыйканбаева 40 жылдан бери көл өнөрчүлүк менен алектенип, шырдактын 20 түрүн жасайт.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, З.Дыйканбаева жайкысын Көк-Жайык жайлоосуна ак өргө которуп, неберелери менен чогуу кыргыз шырдагын жасайт. Ууз айым шырдактын 20 түрүн жасоо менен айыл ичинде өзгөчө сый-урматка ээ.

Жайлоого эс алууга келген чет элдиктер анын шырдактарына баа берип, сүрөткө тушуп кетишерин белгилейт. Зейнеп Дыйканбаеванын эмгектери жасалгандыгына жараша баалары бычылат. Ишкер айым учурда заман талабына ылайык жаңы үлгүдөгү кыргыз шырдагын жасап, кол өнөрчүлүктү аздектеп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×