Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 09.07.2015 17:44

Айыл турмушу: Кара-Көлдө айымдардын көпчүлүгү үйлөрүндө, эшикте, жумушта да гүл өстүрүшөт (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаары гүл сүйүүчүлөрдүн шаары. Айымдардын көпчүлүгү үйлөрүндө, эшикте, жумушта да гүл өстүрүшөт, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка ылайык, Кара-Көл шаарына караштуу Жазы-Кечүү айыл өкмөтүнүн 36 жаштагы тургуну Жээнгүл бош убактысында гүлдөрдү карап, аларды өстүрүүнү адатка айланткан.

Ал кесиби боюнча эсепчи. Учурда Кара-Көл шаарынын борборундагы Универмагдын алдындагы 15 тилкеден турган гүлзарды карап, гүлдөтүп жатат.

Анын беш баласы бар, эң кичүүсүнө 2 жаш 6 ай, шаардагы балдар китепканасында башкы китепканачы болуп иштеп, декретке чыккан. Буга чейин 11 жыл шаардык маданият бөлүмүндө башкы эсепчи, Жазы-Кечүү айыл өкмөтүндө 5 жыл эсепчи болуп иштеген.

«Учурда үйдө бала багып отургам. Курбуларымдын бири дүкөндө сатуучу, тигүүчү болуп иштейт. Анын сунушу менен ишке орношуп, гүл өстүрүүгө кириштим.

Гүлдөргө кам көрүп, иштегениме 3 ай болду, 9 ай гүлзарчы, 3 ай эшик шыпырып, тазалоочу болуп иштедим. Анткени, 9 ай гүлдөрдү өстүрөм, кышкысын кар күрөп, эки жагын тазалайм», -деди Жээнгүл.

Бул аткарган иштери үчүн ал 10 миң сом айлык акы алат.

«Гүлдөрдүн көчөттөрүн өзүм өстүрдүм, анан ар бир тилкеге ар кандай гүл отургуздум. Анткени бир түр өстүрсөң, ал бир эле сезондо же аз гана гүлдөп, гүлү түшүп калат. Ошол себептен бир гүлдөп бүткөн соң, экинчиси гүлдөсүн деп ар түрдүү гүл өстүрдүм», - деп кошумчалады Жээнгүл.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×