Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 10.07.2015 15:30

Айыл турмушу: Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында кыз-келиндер кийизден жасаган баш кийимдер Германия жана Италияда сатылууда (фото, видео)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын кыз-келиндери үчүн каражат табуунун жаңы булагы пайда болду, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Айылда туулуп өскөн ууз айым Айнагүл Жамгырчиеванын демилгеси менен «Элайым» жамааты түзүлүп, учурда 25 аял иш менен камсыз болгон. Алар кийизден, полимерден жасалган ар кандай буюмдарды, жергиликтүү, экологиялык жактан таза жемиштерден кыямдардын түрлөрүн жасап келишет. Учурда бул багытта иш алып баргандар көп болгондуктан, изденүүнү талап кылып, заманбап нуктагы буюмдарды жаратышат.

Жамааттын жетекчиси Айнагүл Жамгырчиева жакында эле Алматы шаарына барып, полимерден кыз-келиндерге тиешелүү шакек, шуру, сөйкөлөрдү жасаганды үйрөнүп келген. Учурда бул багытта да иш алып баргандардын саны арбыды.

Учурда Кара-Ой айылындагы «Элайым» жамаатынын продукциялары Германияда, Италиянын Милан шаарында сатылып жатат. Алдыда койгон максаттары да арбын. Ал эми бул жерден кол өнөрчүлүктү үйрөнүүнү каалагандар бекер окуй алышат. Бүгүнкү күндө 180 адам мындай мүмкүнчүлүккө ээ болушкан.

Жасалган продукциялардын ичинен эң эле көп суроо-талап ээ болгондор — бул кыямдар. Төрт баланын энеси Гулзат үйүнөн эле кыямдын түрлөрүн жасап, үй-бүлөлүк кирешесин бекемдеп келет.

Ал эми Кара-Ой айылынын 65 жаштагы тургуну Жекшекан Чакарова кийиз оюнчуктарды жасаганды үйрөнгөн. Ал бир айда  тапкан каражатына небересине  компьютер сатып берүүнү көздөөдө.

Элет жериндеги «Элайым» жамаатынын арасында учурда Кара-Ой айылында ыктыярчы катары жашап жүргөн япон кызы Синобу да  бар. Ал кыргызча өзүн Сүйүн деп атап алган. Ал эжелеринин колунан жаралган баш кийимдердин түрлөрүн өзгөчө жактырат.

 

IMG-20150709-WA0077

IMG-20150709-WA0078

IMG-20150709-WA0079

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×