Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
БаракелдеТоктогул району, Бишкек 09.07.2015 09:39

Айыл турмушу: Токтогул районунун тургуну А.Борбиев өзүнүн чарбасынан форель балыгын сатып, киреше табат (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Жаңы-Жол айылына караштуу Бала-Чычкан суусунун жээгинде жергиликтүү тургун Аманжан Борбиев балык чарбачылыгы менен алектенип келет, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка ылайык, анын балык чарбачылыгын уюштурганына 3 жылдын жүзү болду.

Чарбасында негизинен форель балыгын багышат. Өстүрүлгөн балыктарын ал жергиликтүү базарга алып чыгып, сатат. Ошондой эле, атайын буйрутма бергендер келип, алып кетишет.

«Балык чарбачылыгын колго алуу менен 2 үй-бүлө жашоо-тиричилик кылып жатабыз. Аракет кылсаң берекет дегендей, жасаган кадамдарыбыздын акыбети кайтып, киреше тапканга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат», - дейт балыкчы.

Анын планында чарбачылыгын мындан ары да кеңейтип, борбор калаага да жеткирүүнү көздөп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×