Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуАлай району 07.07.2015 11:13

Айыл турмушу: Алайлык комбайнчы кылкандуу дан эгиндерин жыйноо учурунда күнүнө 15 миң сомго чейин киреше табууда

Turmush -  Ош облусунда кылкандуу дан эгиндерди оруп-жыйноо кызуу жүрүүдө.

Алай районунун Жаңы-Арык айыл өкмөтүндөгү комбайнчы Тагай Жолчуев арпа? буудай бышкан мезгилде күнүнө 15 миң сомго чейин киреше табаарын айтат. Ал сезон убагында 300 миң сомго чейин акча табаарын, бирок ошого жараша эмгектене тургандыгын аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

«Жай мезгилинде бир айдан ашуун убакыт иштейбиз. Бышкан арпа, буудайдын гектарын 4 миң сомдон ором. Азыр өзүңүздөр билгендей комбайндар аз. Кылкандуу дан эгиндер бышкан мезгилде комбайндар тартыш болот. Айылда эки комбайн бар. Азыр жергиликтүү тургундар башка айылдан да комбайндарды алып келип ордуруп жатышат.

Жылда комбайнга кезекке турган жергиликтүү тургундар 4-5 күн күтүп калат. Ал мезгилде дыйкандардын дан эгиндери бышып, убагынан өтүп кетет. Иш кызып турганда комбайн бузулуп калган учурлар да болот. Бир эле тетиги 5-8 миң сомго чейин сатылат. Башка мезгилде дыйканчылык менен күн көрөбүз. Комбайн бузулбай жакшы иштеп берсе бир ай аралыгында 300 миң сомго чейин пайда табабыз. Бирок айылда тааныш-билиш болуп отуруп акчаны күздө же жазда берем дегендер да бар», - деди Т.Жолчубаев.

Учурда иш кызуу жүрүп жатат, деп кошумчалады.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×