Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Баткен облусуБаткен району 07.07.2015 11:00

Айыл турмушу: Баткендик дыйкан өстүргөн тамекилерин тажикстандык соодагерлерге сатуу менен өрүктөн кийинки киреше булагына айлантты (фото)

Turmush -  Баткен районунун Чек айылынын тургуну Артыкбай Наринов 15 жылдан бери тамеки өстүрүп келет. Ал бул тармак кирешелүү тармак экендигин, бирок көп эмгекти талап кылаарын кабарчыбыз менен болгон маегинде билдирди.

Тамекинин көпчүлүгүн тажикстандыктарга сатаарын айтат.

«Мен жыл сайын 25-30 сотых жерге тамеки эгем. Тамекини өстүрүү оңой иш эмес. Күн ысык мезгилде күн сайын сугарып туруу керек. Анткени күн ысыкта тамеки начарлап, өз түшүмүн жакшы бербей калат. Биз тамекинин жакшы жетилүүсү үчүн азот силитрин, башкача айтканда жер семирткич беребиз. Тамеки эгүү бардык эле адамдын колунан келе бербейт. Ал өскөнгө чейин бир топ эмгекти талап кылат», - деди А.Наринов.

Дыйкан бул тармак өрүктөн кийинки кирешелүү тармактардын бири экендигин кошумчалады.

«Мен тамекини 3 ай карап, 1 тоннага чейин түшүм алам. Өндүрүүгө кеткен жалпы чыгаша 20 миң сомду түзөт. Эгин жыйналган соң тамеки базарга чыгарылат. Базарда1 кг тамекинин баасы 200 сом. Жылдык кирешеси 150 миң сомго жетет. Үй тиричиликте өрүктөн кийинки эле чоң бизнестин бири болуп калды», - деди А.Наринов.

Тамекини базарга алып чыкканда, көбүнчө Тажикстандан келгендер алып кетишет. Бирок азыр кыргыз ишкерлери да сатып алууну баштады, деди ал. Тамекиден насвай да жасала тургандыгын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×