Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 06.07.2015 16:23

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн тургуну уйдун сүтүн сатып, сезон убагында 50 миң сомго чейин пайда көрөт (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын Чоң-Таш айылынын 53 жаштагы жашоочусу Жакуткан көп жылдан бери уйдун сүтүн сатып, сезон убагында 50 миң сомго чейин пайда көрөт. Учурда 3 уй саап, күнүнө 15-16 литрге чейин сүт алат. Аны эртең менен саат 7ден 10го чейин Кара-Көл шаарынын борбордук бөлүгүндөгү базарга алып келип, сатып кетет. Анын айтымында, күнүгө 500-600 сомго сүт сатып пайда табат. «Тапкан акча бала-чаканын кийимине, күнүмдүк тамак-ашка кенен жетет. Бир уй март айында төлдөсө, июнга чейин саап, андан соң чоң жайлоого айдайбыз. Күзүндө келгенде дагы 1-2 ай саап сүтүн ичебиз, артканын сатып пайда көрөбүз. Ар 10 күндө сүттү мал доктурлар текшерип турушат. Жылына 2 жолу малдарды эмдөөдөн өткөрөбүз», - деди Жакуткан айым.
«Элдер көп болсун деген максатта сүт саткандар сүткө суу кошуп коет дешет. Сиздер мындай сүткорчулукка барбайсыздарбы? Бул нерсе күнөө болорун билесиздер да» деген суроого: «Жок, мен улуу башым менен андай акмактыкка барбайм. Бизди энелерибиз акка суу кошпойт, акты түндө бирөөдөн албайт. Эгер бирөөдөн ак алсаң, сөзсүз кайтаруу керек деп тарбиялаган. Бекеринен айтылбаса керек, түндө сайраган үт ак, сүт ак деген чымчык тууралуу уламыш. Алар дагы адам болушкан экен. Жанаша жашаган кошуналар деп да айтышат. Кезектешип уйдун сүтүн бири-бирине берип, тартып каймагын, сүтүн өзүнчө кылып алыш-бериш кылышчу экен. Анан экөө бирин-бири алдап, суу кошуп да койчу экен кээде. Ошондо кудай үт ак, сүт акка айланттып жазалаган дешет», - дейт Жакуткан.
«Күнүгө сүт куйганга бөтөлкө кайдан аласыздар?» деген суроого:
«Кафелерден 1 сомдон сатып алчубуз. Быйыл 1 желим бөтөлкөнү 1,5 сомдон сатып алуудабыз. Өзүбүз ичкен суусундуктардын бөтөлкөлөрүн чогултабыз, тааныштардан алабыз», - деди.
Айылда окуучу кыздар да сүт сатышат. Ошондой эле, кээде кичине балдар көп кабаттуу үйлөргө эртең менен эрте келип, батирлердин эшиктерин каккылап сүт сатып келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×