Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 06.07.2015 13:47

Айыл турмушу: 20 жылдан бери аркар, кийиктин мүйүздөрүнөн түрдүү буюмдарды жасап келген А.Бокоевдин эмгектери президенттерге белекке берилүүдө (фото)

Turmush -  Ош шаарынын тургуну Асан Бокоев 20 жылдан бери аркар, кийиктин мүйүздөрүнөн түрдүү  буюмдарды жасап, белек катары сатат. Ага президенттер да белек жасап берүүгө буюртма беришкен. Бул тууралуу А.Бокоев аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

«Мен бул өнөрдү атайын окуп үйрөнгөн эмесмин. Мага атам тарабынан өткөн талант. Жаңы үйрөнүп баштаганда Россияга кетип калдым. Ал жакта жасаган буюмдарымды буга чейинки өлкө башчылары буюртма кылып алышчу. Жогорку Кеңештин депутаттары, шаарлардын мэрлери дагы буюртма беришчү.

Бир сувенирдин орточто баасы 200 АКШ доллары. Жасаган белектерди 200-1000$ АКШ долларына чейин баалайм. Биздин өлкөдө андан кымбат бааны көтөрө албайт.

Сувенирлерди аркар менен кийиктин мүйүзүнөн жасайм. Бир бычакты жасоо үчүн бир мүйүз жетиштүү. Мүйүздөрдү мергенчилерден 500-700 сомго сатып алам. Мисалы бир шахмат жасоо үчүн бир айдан ашуун убакыт кетет. Эң бат жасалган сувенир 10-15 күндө жасалат», - деди Асан Бокоев.

Анын Кыргызстанга келгенине эки жыл болду. Бул жактан дагы ушул кесибин улантып жатат.

«Менин колумдан жасалган сувенирлерди Кытай, Германия жана Түркия өлкөлөрүнө өлкө башчылар белек кылган. Азыр 46 жашка чыктым. Бирок үйлөнө элекмин. Искусство кесиби өзүнө адамды байлап алат экен. Жасаган эмгектериме кызыгып жүрүп, үй-бүлө күтө элекмин. Учурда менин өнөрүмө кызыгып шакирт болууну каалагандар көп. Бирок, көпчүлүгү бат эле мендей уста болгусу келет. Мен 10 жылдан ашуун убакыттан кийин гана жакшы жасап баштагам.

Учурда бычак жасап жатам. Жогорку Кеңештин депутаты 200 долларлык буюртма берген. Андан сырткары эстелик да жасам. Азыр Эл артисти Токон Эшбаевдин эстелигин жасап жатабыз. Эстеликти жасоо бир айдан ашуун убакытты талап калат. Жасаган эмгектеримди чогултуп, Евразия өлкөлөрүн кыдырып чыгууну пландап жатам. Менин жасаган эмгектеримди баалаган бийлик адамдары көп. Бирок ушул мезгилге чейин мамлекет тарабынан сыйлык ала элекмин. Буюртма болгон учурда гана сувенирлерди жасайм», - деди Асан Бокоев.

Президент А.Атамбаевге дагы менин жасаган буюмум белекке берилген, деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×