Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Нарын облусуНарын району 03.07.2015 18:38

Айыл турмушу: Нарындын Таш-Башат айылынын тургуну Э.Тагаев тоодо атка жүгөн, ээр токум жасап, бош убактысында ыр жазат (фото, видео)

Turmush -  Нарын районунун Таш-Башат айылынын 30 жаштагы тургунун Эдилбек Тагаев бала кезинен бери эле райондун Ийри-Суу жайлоосунда атка жүгөн, ээр токум жасап, бош убактысында ыр чыгарып, обон салат. Мындай маалыматты аймактык кабарчы маалымдады.

Эдилбек Тагаевдин айтымында, ата-энеси мурда мал багып келген. Өзү жекече мал багып калганына 3 жылдын жүзү болгон. Мал багуунун сырларын малды жакшы тоюттандырып, мал жандыкты жакшы караса эле мал багуунун эч кыйын жок экенин белгиледи.

Эдилбектин апасы Сайра Тагаева учурда 65 жашта. Тоодо кийим тигүү жабдыгы менен кол өнөрчүлүк кылып, төшөк-жууркан тигип келет. Андан тышкары, мал багуудан сырткары сырттан келген меймандарга жайкы мезгилде бээ сүтүн берип, кымыз тартуулашат.

Андан тышкары, боз үй тигип, эс алуучуларды тейлешет. Сайра апанын учурда 8 баласы, 39 небереси бар. Э.Тагаев мал багуудан тышкары бош убактысында кол өнөрчүлүк менен алектенип, ыр жазып, обон созот.

«Мен бош убактымда кол өнөрчүлүк менен алектенип, жүгөн, куюшкан жана ээр жасап келем. Андын тышкары, бир нерсеге кейигенде, кайгырып же илхом келгенде ыр жазып, обон созом», - дейт Э.Тагаев.

Видео:

Код:
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×