Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 01.07.2015 13:21

Тоңдун Туура-Суу айылынын элинде «Кошой атанын аягынан суу ичип, ырыскыбыз мол» деген түшүнүк калган (фото)

Turmush -  Тоң районунун Туура-Суу айылынын жогору жагында Кошой атанын сөөгү жашырылган деген уламыштар тараган. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айыл башсысы Эрмисбек Абаканов кабарлады.

«Кезегинде залкар манасчы Саякбай Каралаев күндүр-түндүр «Манас» айтып, Кошой ата сөөгү орун алган жер деп, айткан кеби айылга тараган», - деп белгиледи ал.

Айылдын жогору жагында жайгашкан Ак-Корум жайлоосунда ири таштар орун алып, эки түп арча өсүп, көрүстөндүн орду турганын айыл тургундары белгилешет. Бирок бул тууралуу толук маалымат жок экенин ырасташкан элет тургундары «Кошой атанын аягынан суу ичип, ырыскыбыз мол», - дешет.

100гө жакын түтүн калк жашаган айыл эли өз түйшүгүн өздөрү тартып келишет. Мал асырап, күн кечирип келген алыскы тоолуу аймакта негизги көйгөй байланыш түйүнүнүн жоктугу. Ар аптанын Шаршемби жана Жекшемби күндөрү кана Балыкчы шаарына автоунаа каттаса, кышта айыл элинин каттамы азаят. Айылда көбүн эсе жаштар кетип, улуу муундун өкүлдөрү турушат. Айыл элинин негизги көйгөйү эле таза суунун жоктугу. Эгерде бул маселелер чечилип калса, шаардагыдай эле жашоо болот эле, дешет. Буга чейин уюлдук байланыш түйүндөрүнө кайрылып, ал кагаз жүзүндө калгандыктарына кабатыр болушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×