Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 30.06.2015 14:57

Айыл турмушу: Кадамжайдын тургуну Р.Салиева жер семирткичтерди колдонуп, 1 түп помидордон 40 кг чейин түшүм алууну пландоодо (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун тургуну Райхан Салиева органикалык жер семирткичтерди колдонуу менен жашылчаларды өстүрүүдө мол түшүм алууда, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, ал кошуна Өзбекстандын айыл чарба тармагында билим алып, бүгүнкү күндө билимин тажрыйба түрүндө колдонуп келет. Учурда АКШдан алынып келинген сөөл жандарды колдонуп, минералдык жер семирткичтерден арылуунун жолун тапты.

Райхан Салиева өз короосундагы органикалык жер семирткичтердин жаңыча ыкмасы менен помидор, балгар калемпири, ашкабак жана башка жашылчаларды өстүрө баштады.
Ал Өзбекстандан үйрөнүп келген ыкманы колдонуп көрүү максатында быйылкы жылы жашылчаларды атайын идиштерге өстүргөн.

Идишке өстүргөн жашылча көчөтүн түнкүсүн суугарып, түн ичинде жер семирткич берүү зарыл, деп эсептейт. Анткени, күн нуру тийген мезгилде энергия алып, фотосинтез жана башка процестер жүрөт.

«Ошондуктан, кошумча зыянкечтерге каршы себилген химикаттар да таасирин жоготот. Эгерде жетишерлик деңгээлде камкордук көрүлсө, бир түп помидордон 40 кг чейин түшүм алуу мүмкүнчүлүгү бар», - дейт ал.

Дагы бир өзгөчөлүгү өсүп жаткан помидордун алгачкы бутактарын сындырып алып, сууга салуу керек. Ошондо кайрадан тамыр атып, бир түп помидор көчөтү пайда болот. Агроном айым АКШнын Калифорния штатынан алынып келинген сөөл жаанды короодо көбөйтүү аракетин колго алган. Жаңыча ыкманы колдонуу менен дыйкан ойдогудан да мол түшүм алууга белсенүүдө.

«Эгерде республика аймагына бул ыкма таралса, анда экологияны сактоого да мүмкүнчүлүк түзүлөт», - дейт Райхан Салиева.

68

63

64

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×