Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 30.06.2015 13:02

Айыл турмушу: Кара-Көл шаарында үй-бүлөсү үчүн эле жыл сайын 100 литрден ашык кыям даярдаган айым бар(фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын жашоочусу үй-бүлөсү үчүн жыл сайын 100 литрден ашык кыям даярдайт.

Жыл сайын короодо бышкан кулпунай, малина, карагат, алчанын мөмөлөрүнөн 100 литрден ашык кыям даярдайм, деп билдирет Кара-Көл шаарынын 28 жаштагы жашоочусу Нуриза аймактык кабарчыга.

Үй-бүлөсү кыямды абдан жакшы көрүп жегендиктен кышкыга даярдыкты азыртадан эле баштады.

«Малина менен карагаттан жасалган кыямдын суук тийүүгө дарылыгы чоң. Кыямдан сырткары ошол эле мөмөлөрдөн мөмө ширелерин жабам.Биз дүкөндөн суусундук сатып албайбыз, өзүбүз жасаган шире, компотторду ичебиз. Мындан сырткары келген конокторго да берип, кубантып узатабыз», - деп кошумчалады Нуриза.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×