Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Ош облусуӨзгөн району 30.06.2015 12:56

Өзгөндөгү этностор аралык концертте 20 улуттун бийлери аткарылды

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн райондук маданият үйүндө 20 улуттун бийлерин чагылдырган этностор аралык концерт болуп өттү. Ага экс-президент Роза Отунбаева да күбө болду.

Аталган райондун акиминин орун басары Ибадат Мурзаибраимова аймактык кабарчыга билдиргендей, концерт «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулду.

«Концертке райондогу ар улуттун өкүлдөрүнөн, жергиликтүү тургундардан 450гө жакын адам катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз, орус, тажик, башкыр, хакас, өзбек, татар жана башка улуттун бийлери тартууланды. Концерттик номурлар Кыргызстан калкынын ассамблеясы тарабынан даярдалды», - деди И.Мурзаибраимова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×