Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 26.06.2015 16:47

Айыл турмушу: Бала кезинен даамдуу тамак жасоону кыялданган кызыл-кыялык К.Тагаев ашпозчулукту тандаган (фото)

Turmush -  Түрдүү жана даамдуу тамак жасоо Камилжан Тагаевдин бала кезинен берки кыялы. Ата-энеси сунуштаган инженер, мугалимдик кесиптерден баш тартып, ашпозчулукту тандаган. 1981-жылы Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп жүргөн кезде Камилжандын кыялы орундала баштайт.

«Аскердик кызматка Сахалинге бөлүнүп, ал жердеги жоокерлерге тамак жасап берчү. Ал жасаган тамакты аскерлер тамшануу менен жечүүбүз», - деп эскерет чогуу кызмат өтөгөн Авазбек Касымов.

Авазбек аскерден келип, Кызыл-Кыянын чет жагындагы ашканалардын биринде иштеп жүрүп, бул кесипти таштаган. Ал эми Камилжан Тагаев тамак-аш иштетүүчү өнөр жай боюнча Краснодардагы техникумду бүтүрөт.

Кызыл-Кыяга келгенде белгилүү ашпозчу Яша аванын тажрыйбасын үйрөнүүгө шарт түзүлгөн. Яша ава ойлоп тапкан «Кызыл-кыя котлеттери» Москвадагы Улуттук чабанын жетишкендиктеринин көргөзмөсүндө сыйлыкка татыган.

Майрамдык сый тамак деп Камилжан «беш түр тамактын бир мезгилде, бир казанда бышуусун» эсептейт. Мындай жол менен даярдалган тамак абдан даамдуу болот дешет. Дагы бир даамдуу, көрүнүшү табитти ачкан «Тукум долма» тамаган ойлоп тапкан.

Камилжан Тагаевдин кафесинде кардарлардын саны азайбайт, ар дайым келчүү кардарлар да бар. Ал эми үйдө тамакты ким жасайт? - деген суроого — убакыт болсо, маанай жакшы болсо мен жасайм — деп жооп берет ашпоз Камилжан Тагаев.

SAM_2533

SAM_2530

SAM_2526

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×