Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 25.06.2015 17:44

Айыл турмушу: Жети-Өгүздөгү Чоң-Кызыл-Суу айылынын эли табигый бал жана кыямды мыкты өндүрөт (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Чоң-Кызыл-Суу айылы деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте жайгашкан. Элет жери мындан 128 жыл мурун түптөлүп, учурда 144 түтүнү бар.

Айылда 600дөн ашык тургун жашайт. Чоң-Кызыл-Сууда Дөлөс уруусу орун алган. Дөлөс уруусу негизинен 5 айылда жашайт. Бул жерге олтурукташып калышы малга, жайытка жакшы шарт түзүлгөн, мындан улам алар бул жерге көчүп келишкен.

Айыл санжырасы 15 кишинин айтуусу менен «Дөлөстөр» деген китеп болуп чыккан. Элет Караколдон алыс жайгашкандыктан, авто унаалардын жүрүмү аз. Ошол себептен өскөн мөмө жемиштер экологиялык жактан таза болушат. Ал эми бул шартта айыл тургундары мөмө жемиштен табигый таза бал, кыям жасап, сатуу менен алектенишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×