Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 25.06.2015 16:16

Айыл турмушу: Жети-Өгүздөгү Ак-Терек айылынын тургуну Ч.Борсуков ээр токумдарга күмүш, жез металдарын бастырып кооздойт (фото)

Turmush -  Күмүш, жез зергерлерин бастырып улуттук өзгөчөлүк менен ээр чапкан Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылынын тургуну Ч.Борсуков бала кезинен бери жыгач уста.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына берген маалыматына ылайык, Чолонбай Борсуков ата жолун улап, 30 жылдан бери устачылык менен алектенип келет. «Ээрдин бышык жана ыңгайлуу болуусу үчүн тиешелүү талаптары менен жасайм», - дейт ал.

Материалдарды алып, калыбына келтирип чаап жасоого бир ай убакыт кетерин белгиледи. Ээрлердин наркы анын жасалгасына жараша 15 миң сомдон тартып, 40 миң сомго чейин болсо, алтын, күмүш, жез бастыргандары 3 миң доллардан ашат.

Андан сырткары, камчы өрүп, сувенирлерди жасайт. Ээр токум бышык болуш үчүн кышкысын салкын жерге коюп, кыкка көмүлөрүн билдирди. Чылгый тери менен капталып, зымпоштолот. «Атадан акыл насаат сөз жана ээр токум калат», деген учкул сөз менен учурда ал бул өнөрүн уулуна үйрөтүп жаткан маалы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×