Бөлүмдөр
Ишемби, 23-ноябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 25.06.2015 13:45

Сузак районунун акими А.Маматов менен Жалал-Абад шаарынын тургуну Г.Калмаматованын чыры күч алды

Turmush -  Жаңы гана дайындалган Сузак районунун акими Абдумухтар Маматов менен Жалал-Абад шаарынын тургуну Гүлжамал Калмаматованын ортосундагы чыр күч алып бара жатат. «Соттун чечиминин негизинде А.Маматов мага 2 млн 527 миң 395 сом бериши керек», - деп Г.Калмаматова айтса, А.Маматов «мен эч кандай ага акча карыз эмесмин» деген жообун берүүдө.

Г.Калмаматованын берген маалыматына караганда, 2012-жылдын 29-майында Жалал-Абад шаарынын Тоголок Молдо көчөсүнүн №77-үйүнүн 26-батирин А.Маматов менен анын аялы Динара Курбанбаева экөөнөн 40 миң долларга баалап сатып алган. Жолдошу Азамат Нурдинов экөө ал батирдин эсебинен 20 миң доллар заклад акчаны санап беришкен. Калган акчасын күзүндө бермек болушкан. Г.Калмаматова жогорудагы батирди толук сатып албай туруп эле, аны евроремонт кылган.

«Кийин, мен жолдошум А.Нурдинов менен ажырашып, акчаны берүү бир аз создугуп кеткен. Бирок, бөлүп-бөлүп берип отуруп, жалпы 31 миң долларды А.Маматовго төлөгөмүн. Ал 2013-жылдын 3-октябрь күнү 31 миң доллар алгандыгы боюнча тил кат жазып берген. Батир үчүн калган 900 долларды берейин десем, ал «үйдү сага сатпаймын, акчаны албаймын, мага 23 миң доллар бересин», - деп батирди мага сатуудан А.Маматов баш тартып койду», - дейт Г.Калмаматова.

Батирди сатуудан А.Маматов баш тарткандан кийин, Г.Калмаматова Сузак райондук сотуна А.Маматов менен анын ортосунда Жалал-Абад шаарындагы Тоголок Молдо көчөсүнүн №77–үйүнүн №26 батирин сатып алуу, сатуу келишимин түзүүнү анык деп табууну, андан 900 АКШ долларын доогер Абдумухтар Маматов кабыл алуусун милдеттендирүүнү суранып кайрылган.

Сот отурумунда талаш болуп жаткан жогорудагы батир Россия-Кыргызстан «Аманбанк» ААКда күрөөдө тургандыгы аныкталып, соттун 2014-жылдын 24-январындагы аныктамасы менен ААК үчүнчү жак катары тартылган.

Ошентип, Г.Калмаматованын доо арызын Сузак райондук соту тарабынан канааттандырусуз калтырылган. Кийин бул ишти 2014-жылдын 16-октябрында Жогорку сот карап, Г.Калмаматованын даттануусу канааттандыруусуз калган.

Ал эми 2015-жылдын 29-майында Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Б.Сатылгановдун чечими менен доогер Гүлжамал Калмаматованын жоопкер Абдумухтар Маматовдон акча каражатын өндүрүү жөнүндөгү доо арызы жарым-жартылай канааттандырылып, жоопкер А.Маматовдон доогер Г.Калмаматованын пайдасына 2 млн 537 миң 395 сом акча каражаты Жалал-Абад шаарынын Тоголок Молдо көчөсүнүн №77-үйүнүн 26-батирине буруу жолу менен өндүрүлсүн деген чечим чыгарылган.

Үч күндүк тыныгуудан кийин, Жалал-Абад шаардык сотунун ошол эле судьясы Б.Сатылганов доогер А.Маматовдун доо арызын 1-июнь, 2015-жылы карап, жоопкер Г.Калмаматованы үй-бүлө мүчөлөрү менен башка турак-жай бербестен, Жалал-Абад шаарынын Тоголок Молдо көчөсүнүн №77-үйүнүн 26-батиринен чыгарылсын деген чечим чыгарган.

«А.Маматов сот тарабынан менин пайдама чечилген 2 млн 537 миң 395 сом акча каражатын бермейинче, мен ал үйдү бошотуп бербейм. Мен А.Маматовду шантаж кылган жокмун», - дейт Г.Калмаматова.

Ал эми Сузак районунун акими Абдумухтар Маматов Жалал-Абад шаардык сотунун 2015-жылдын 29-майындагы чечимин ала электигин айтып, бул чечимге нааразычылыгын билдирип облустук сотко кайрыла тургандыгын билдирди.

«Мен Г.Каламаматовага «Аманбанк» аркылуу 23 миң доллар жана күрөөсү үчүн 300 миң сом төлөп бергемин. Анын квитанциясы бар. Андан сырткары, биринде 7 миң доллар жана экинчисинде 8,5 миң долларды алгандыгы боюнча мага Г.Калмаматова түшүнүк кат жазып берген. Жалпы эсеп менен алганда, менден Г.Калмамтова 3 млн. сомдон ашык акча алып жатат. Ошол себептен, мен ага эмес, ал мага карыз болуп жатат», - деди А.Маматов.

Соттун бул чыгарган чечимдерине түшүнбөй, судья Б.Сатылгановго карйрылганыбызда, ал өзүнүн чечимдери бонча кыскача түшүнүк берди.

«Экөө тең доо арыз менен кайрылып, эки дело катталган. Ошол себептен, Гүлжамал Калмаматова менен Абдумухтар Маматов экөөнүн ишин эки башка кароого туура келди. Себеби, экөө эки башка өтүнүч менен кайрылган болчу. Эки ишти бириктирүүгө болбойт эле. Чечимди алардын доо арызынын негизинде чыгардым», - дейт судья Б.Сатылганов.

Тема боюнча: Сузак районунун акимин шайлоо күнү аласамды доолаган үчүн талапкердин жакындары мени уурдап кетишти, - жабырлануучу Г.Калмаматова

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×