Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-ноябрь
Ош облусуАлай району 25.06.2015 13:26

Алайда бир катар мамлекеттик кызматкерлер Ардак грамоталар менен сыйланышты (фото)

Turmush -  Алай райондук мамадминистрациясынын жыйындар залында мамлекттик кызматкерлердин күнү өткөрүлдү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Алай райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Таалайбек Сарыбашов кесип ээлерин куттуктап, сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө, мамлекеттик кызматкер коомдун интеллектуалдуу элитасынын бөлүгү болуу менен элдин ортосунда өзүнчө бир көпүрөнүн ролун аткарганына токтолду.

Бир катар мамлекеттик кызматкерлер райондук жана областтык мамлекеттик администрациялардын Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Ал эми райондун акими Таалайбек Сарыбашов КРнын мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруудагы сиңирген эмгеги үчүн «КРнын мамлекеттик кызматтын отличниги» төш белгиси менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×