Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Ош облусуАлай району 25.06.2015 12:50

Алай районунда Рамазан айынын башталышы менен 40 үй-бүлөгө азык-түлүк жагынан жардам берилди

Turmush -  Алай районундагы кайрымдуулуккоомдорунунбири турмушу начар үй-бүлөлөргө, майыптарга колдорунан келген жардамдарын үзгүлтүксүз берип келишет. Рамазан айынын башталышы менен алар мындай жардамдарын Алай районунун Будалык, Бүлөлү, Үч-Дөбө, Алай, Ленин жана Кабылан-Көл айылдарындагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө бере башташты.

Кайрымдуулук коомдун лидерлеринин бири Нурбек Ибрагимовдун айтымында, алар мындай жардамдарын Рамазан айында эки жолудан беришет. Бул жолку берилип жаткан азык-түлүктөрдүн ар түрдүү, кеңири берилип жатышына Алайдын 1983-жылы туулган мырзалары гана эмес Араван, Ноокат, Өзгөн райондорунун да жаштарынын да кошулуп кайрымдуулук ишине көмөктөш болду.

«Башка күндөргө караганда Рамазан айындагы жасалган садага 700 эсеге чейин көп болот. Андыктан мындай кайрымдуулук, боорукерлик иштен кур кол калбайбы деген мырзалардын тобу 30 күндүк орозонун аягына чейин өз жардамдарын уланта беришмекчи. Бул күнкү азык-түлүктөрдүн саны 40 үй-бүлөнү камтыды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×