Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 25.06.2015 12:37

Айыл турмушу: 28 жаштагы Максат статист-экономист адистигинен айыл өкмөт башчысына чейин көтөрүлгөн

Turmush -  Максат Дорбаев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Чий айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы болуп 1 жылга жакын убакыттан бери иш жүргүзүп келет.

Өзүнүн эмгек жолун ал 20 жашында статист-экономист болуп баштаган.

Ал 9 жыл мурун айыл аймакка иштегени келип, статист адиси болуп орношот. Ал кызматты бир жыл аткарган.

«Андан кийин 2009-жылдан 2013-жылга чейин салык инспектору болуп иштеп, 2 жыл жооптуу катчы болуп иштедим. Өткөн жылдын октябрь айында Ак-Чий айыл аймагынын айыл өкмөт башчылыгына дайындалгам», - дейт ал.

Максат белгилегендей, мындай кызматтарда иштеш бир четинен оор, а экинчи жагынан кызыктуу, анткени карапайым элдин жашоосуна активдүү катышасын.

Айыл аймактын курамына үч айыл: Ак-Чий, Качыбек жана Совет айылдары кирет. Калктын саны 3 миң 551 адам жана 649 түтүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×