Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 25.06.2015 10:38

Биз мындан кийин ар бир курулуш иштерин кылдаттык менен карап, өткөрүп алабыз, - А.Кайыпов

Turmush -  Мындай оюн өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов Кочкор районундагы Ак-Жар орто мектебинин алгачкы курулушуна капсула коюу иш-чарасында билдирди.

Анын айтымында, буга чейинки жергиликтүү бийлик Нарын облусу боюнча курулган имараттарда катачылык кетирип, көңүл кош карап келгенинен көптөгөн имараттар талапка жооп бербей жыйынтыгында Ак-Жар орто мектебиндей болуп, мышык ыйлаар абалга келген.

«Эми биз ар бир облустагы курулуш иштерине көз салабыз, алардын ар бир ишине көзөмөл кылып, талапка жооп бербеген курулуш иштерине жол бербейбиз», - деди А.Кайыпов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×