Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Нарын облусуНарын району 24.06.2015 10:57

Айыл турмушу: Нарындын жайлоолорунда малдын этин тоо шартында сактоону жакшы өздөштүрүшкөн (фото)

Turmush -  Нарын районунун Ийри-Суу жайлоосунда жергиликтүү малчылар тоо шартында малдын этин сактоону мыкты өздөштүрүшкөн. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирет.

Алар этти чымын-чиркейден оолак сактоо үчүн атайын суу жээктеп же талдын түбүнө жыгачтан жана тордон жасалган кутуга салып коюшат.

Малчылар үй-бүлөсү өздөрү колго жасап алган «муздаткычына» бир койдун эти батат. «Этти көпкө сактап койсо, сүрсүп ого бетер дамына келет. Мындай ыкма айыл жерлеринде да жайкысын колдонулуп келет», - дейт жайлоо тургундары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×