Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 23.06.2015 17:54

Айыл турмушу: Жети-Өгүздүн Ак-Дөбө айылында бир атанын балдарынан тараган 2 миңге жакын эл жашайт (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунан орун алган Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылы деңиз деңгээлинен 1750 метр бийиктикте жайгашып, айылда 450дөн ашык түтүн отурукташкан.

Учурда 2 миңге жакын тургун жашайт. Алардын бардыгы бир атанын балдары болгон. Калгуй атадан төрт бала болгон. Төртөөнөн 15 бала төрөлүп, ошентип алардан айыл эли тараган.

Бир атанын балдары болгондуктан элетте уруш-талаш болбойт. Ал эми коңшу айылдардын тургундары «Ак-Дөбөнүн урушу айылга кирген көпүрөөдөн сыртка чыкпайт», деп айтып келишет.

Айыл этегинде көл орун алган. Тынч гана чалкып жаткан көлмө элет элинин атагы менен «Кокуй көл» деп айтылып калган. Бул атка ээ болгондугунун да баяны бар. Илгери көлмө Ысык-Көл менен бир болгон экен. Анын жээгинде абышка кемпир Токтобек деген уулу менен жашашчу.

Токтобек күндө балык кармап, ата-энесин багып келген. Күндөрдүн биринде катуу толкун болуп, Токтобек балык кармап жаткан жеринен агып кетет. Карыган ата-апасы уулун издеп көлдү айланып, Токтобек, кокуй Токтобек, кокуй деп жүрүп, өрдөккө айланып кетишкен. Ошентип эки өрдөк көл үстүндө күндө «кокуй, кокуй» деп атып «Кокуй Көл» аталган. Тургундардын айтымында, бул өрдөктөр кийин деле ушул жерди айланып жүрүшчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×