Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Нарын облусуНарын району 23.06.2015 12:23

Айыл турмушу: Эки-Нарын айылындагы «Капчыгай-Ата» жайлоосунда чет элдик жарандарга тоо жаратылышын тааныштырып, кызмат көрсөткөн чабандар бар (фото, видео)

Turmush -  Нарын районунун Эки-Нарын айылынын аймагынан орун алган «Капчыгай-Ата» жайлоосунда 8 боз үй тигип, чет элдик жарандарды кабыл алып, аларга Кыргызстандын жаратылышын көрсөтүп келе жаткан Искен Абдыжапаров жана анын жубайы Турсун Мамбеталиева 10 жылдан бери тейлөө көрсөтөт. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка карасак, аталган капчыгай райондун Орток айыл аймагындагы Эки-Нарын айылына кирет. Нарын шаарынын борборунан 40 чакырым, ал эми айылдан 3-4 чакырым алыстыкта жайгашкан.

«Бул жайга келгенибизге 10 жылдан ашты. Жалаң боз үй тигүү менен чет элдик жарандарды кабыл алып, жаратылыштын кооздугу менен тааныштырабыз. Боз үйлөрдө бардык шарттар бар, жалпы 50 кишини тосууга кудуретибиз жетет. Анда келген жарандарга 1,2 тамагынан бери жасап берип келебиз. Бүгүнкү күнгө чейин учурда 100гө жакын чет элдик жарандарды кабыл алдык. Тоого алып барчу балдар бар, ат менен жана жөө саякатка чыгарып келебиз. Ушул чет элдик жарандардын суктанганы кокту-колот, тоолор, жаратылыштын кооздугу жана шаркыратма агын суулар менен өсүмдүктөр. Кичи-Бала, Жетим тоо, Бугу-Маралга чейин алып барып келебиз», - деди И.Абдыжапаров.

Ал эми боз үйлөрдү тейлеп, кыргыз улуттук буюмдарды жана тамак-аштарын тартуулаган кожоюндун жубайы Турсун Мамбеталиева, анын 12 кишиден турган ыр-бий ансамбли бар экен.

«Тамак аштарын жасап бергенге шартыбыз бар. Жалпы 8 боз үйдө киши кабыл алабыз, сырттан киши көп келип калса дагы кошумча боз үй тигебиз. Жалпы 8 кызматкер иш алып барат. Сырттан келген чет элдик жарандарга кыргыз улутунун улуттук буюмдарын жана боз үйдүн тигилишин, жерин жана улуттук тамак-аштарын тааныштырып көрсөтөбүз. Андан тышкары, 12 кишиден турган ыр-бий ансамблибиз бар», - дейт Т.Мамбеталиева.

Ал кошумчалагандай, жайлоо мезгилинде ар кандай долбоор жазып, бир катар керектүү материалдарды утуп алышкан жана ар кандай окуу, тренингдерге тынбай катышуу менен алек болушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×