Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 23.06.2015 11:12

Айыл турмушу: Жети-Өгүз курортуна жакын үңкүрдү көрүүгө кызыккан эс алуучулар арбын (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз курортунан жогору 90 метр аралыктан кийин жайгашкан үңкүргө кызыктар болгон эс алуучулар арбын, деп кабарлады Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Айыл тургуну Жакыпбек Абдрахманов 3 жыл мурда үңкүрдүн тегерек четин ирээтке келтирип, кароого алган. Кирүү үчүн мында келгендер 30 сомдон акы төлөшөт. Жылына 100 миң сомго чейин каражат тапкан айыл тургуну ишти кеңейтүү максатын белгиледи.

Кароочунун айтымында, 1960-жылдары бул жакта кен казуу иштери жүргүзүлүп, кандайдыр бир себептер менен токтоп калганын маалымдады. Кызыгы, үңкүргө киргендер сырдуу үндөр жаңырып турарын байкашкан. Жакыпбек мырза жалгыз анан да кол чырагы жок кирбегенге чакырат. 30 метр узундуктагы өңкүр алдынан суу агып, сырдуулугу менен чет элден келген эс алуучуларды кызыктарып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×