Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
БаракелдеЧоң-Алай району, Бишкек 23.06.2015 08:45

Өкмөт башчы Сузак жана Чоң-Алай райондорунун акимдерин бекитти (фото)

Turmush -  Премьер-министр Темир Сариев кечээ, 22-июнда Жумадилла Жапаров менен Абдимуктар Маматов жөнүндө буйрукка кол койду. Ага ылайык, Абдимуктар Маматов Жалал-Абаддагы Сузак районунун акими, Жумадилла Жапаров Ош облусундагы Чоң-Алай районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бекитилген акимдер менен болгон жолугушууда өкмөт башчы алдыда чоң милдеттер турганын белгиледи.

«Сиздерге жүктөлгөн жоопкерчиликти сезишиңиздер керек. Акимдер таза репутациясы менен өзүнүн ишин активдештирүүсү керек. Андыктар ар бир жетекчиде, сиздерде дагы жеке жумуш планы болушу зарыл», - деди Т.Сариев.

Ошондой эле, Т.Сариев акимдерге социалдык объектилерди жакшыртууну, бюджеттик каражатты эффективдүү пайдаланууну жана орто жана кичи бизнеске колдоо көрсөтүүнү тапшырды.

Мурдараак маалымдалгандай, Ош облусундагы Чоң-Алай районунда 19-июнда айылдык кеңештин жыйыны болуп, 3 талапкердин ичинен Жумадилла Жапаров көпчүлүк добушка ээ болгон.

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк добушу 15-июнда 5 талапкердин ичинен Абдимуктар Маматовго берилген.

А 4

Солдо - Сузактын акими А.Маматов, оңдо - Чоң-Алай районунун акими - Ж.Жапаров

А 2

А 3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×