Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 22.06.2015 16:26

Айыл турмушу: Жети-Өгүздө элеттик дыйкан С.Мусаев буурчак айдап, жылына 5 тонна түшүм алып, киреше табат (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда элеттик дыйкан Сталбек Мусаев маш буурчак айдап, киреше табат, деп кабарлайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка ылайык, 3 жылдан бери 2 гектар жер аянтына маш буурчак айдап, эмгегинен киреше көрүп келет.

Элеттик дыйкандын айтымында, жаз алды менен жер айдап, маш буурчак жер бетине чыккандан баштап, отоп, курт-кумурскага каршы дарылап карашат.

Өсүп, түшүм бергенге чейин эмгек жумшап, колго оруп, дан бастырышат. Дыйкан 5 тоннага чейин түшүм алып, 1 килограммын 50 сомдон 70 сомго чейин сатып өткөрөт. Айылдаштары С.Мусаевден үлгү алышып, учурда айылда 100га жер аянтында маш буурчак өстүрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×