Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Нарын облусуЖумгал району 22.06.2015 11:21

Айыл турмушу: Жумгалдын Куйручук айылынын тургуну Г.Айтикеева 40 миң сомго иштетип баштаган тигүү цехи өз жемишин берүүдө (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Куйручук айылынын тургуну Айтикеева Гүлнар 2007-жылы 40 миң сомго тигүү цехин иштетип баштаган. Бул цех биринчи Бишкек шаарында ишке киришкен.

Кийин айылга көчүрүп келип, 4 жылдан бери районго кызмат көрсөтүп келишет. Цехте 6 айым эмгектенет жана бардык жабдыктары менен 6 тигүү машинасы бар.

«Майда кийим-кече, ар кандай концерттик формаларды тикчүбүз жана кийимдерди ондоп түзөчүбүз. Азыр жууркан, төшөк жана кыздын себин даярдап баштадык. Ошондой эле, шейшеп жуургандын түзүлүшүнө жараша тигебиз. Башка айылдардан да тапшырыктар түшөт. Өзүбүз да айымдарга көйнөк, эркектерге шым тигип айыл ичинде, базар күнү алып чыгып сатабыз. Эми сүнөт көйнөктөрүн тиккенге жана шырдак басанга өткөнү жатабыз. Бардык жабдыктар бар», - дейт Гүлнар айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×