Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Нарын облусуЖумгал району 22.06.2015 11:14

Айыл турмушу: Жумгалдын Куйручук айылында жеке ишкер К.Карымшаков тоют даярдоочу цех иштетип келет (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Куйручук айылында жеке ишкер Карымшаков Кубан тоют даярдоочу чакан цехин 3 айдан бери иштетип келет, деп билдирет аймактык кабарчы.
Маалыматка ылайык, цехтин жабдыктары БУУнун Өнүктүрүү Программасы тарабынан 471 миң сомго алынып келинсе, ал эми цехти даярдоодогу өздүк салым 215 миң 400 сом кеткен.

Бул цехте күнүнө тапшырык менен 100-200 килограммдан тоют даярдалат. 1 кг арпа же буудайдан жасалган адыра 1,50 дан болсо, примекс витаминдүү кошулмасы бар комбикормдун 1 кг 1,50-2 сомдон даярдалат.

«Азырынча тапшырыктар эле болуп жатат. Эми тоютту өзүбүз жазап сатсак деп жатабыз. Эгер жасап сатсак күнүнө 1 же 1,5 тонна тоют даярдап сатмакпыз. Буюруса ишке ашырабыз деп турабыз. Бул жерде 6-7ге жакын адам иш менен камсыз болот. Аппараттар жакшы иштейт. Бардык чөптү майдалап берет. Эгер бул жактан 5 мүшөк тоют даярдатып алса, бир кыштан чыкса болот. Эми биз бир гана малга эмес, тоокко жана балыкка да адыра, комбикорм чыгарсак деген планыбыз бар», - дейт ишкер К.Карымшаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×