Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Нарын облусуНарын району 19.06.2015 15:45

Айыл турмушу: Нарында 12 жашынан бери кой кыркканды жакшы өздөштүргөн У.Усөйүн бир короо койдун жүнүн өзү кыркат (фото)

Turmush -  Нарын районунун Орток айыл аймагынын Таш-Башат айылынын тургуну 22 жаштагы Улан Усөйүн 12 жашынан бери кой жүнүн кыркууну жакшы өздөштүргөн. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Ал айылда жашап жүргөндөн бери мектепти бүткөнчө чейин мал багуу менен чоңойгон. Учурда да мал багууну жакшы көрөт.

«Койду кыркпаса семирбейт жүдөйт, баткакта шакшактап калат. Койду ар кайсы жерде ар кандай кыркат. Жазында өрдөгөн убакта кыркат. Мурда Союз мезгилинде жүнү баалуу болчу. Учурда койдун жүнү жакшы бааланбай, кол буюмдарына көп колдонулуп келет. Бир койду ар ким ар кандай кыркат. Мурдагы мезгилде атайын станок менен кыркчу. Кой өрдөгөн маалда мен бир койду 10-15 мүнөттө кыркып жүрөм», - дейт У.Үсөйүн.

Ал кошумчалгандай, учурда Бишкек шаарында окуп жана иштеп жаткандыгынан улам жылына кайрадан айылга келип тоодо жашап, эс алуу менен мал багууну жакшы көрөт. Ошондой эле жылына келип, 1 короо койдун жүнүн өзү кыркып кетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×