Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 19.06.2015 11:19

Айыл турмушу: Жети-Өгүздө 15 жаштагы кыз гүлдөрдүн түрүн өстүрүүнү өздөштүрүп, келечекте гүл бакча ачууну максат кылат (фото)

Turmush -  Гүл өстүрүүнү өздөштүргөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз айылындагы мектеп окуучусу Нурайым Русланова келечекте гүл бакча ачууну максат кылат, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, Н.Русланова болгону 15 жашта, бирок, бир катар гүлдөрдүн түрүн өстүрүүнүн ыкмасын жакшы билет.

Мектепте ботаника сабагын ийгиликтүү окуу менен гүлдөрдүн өңүнө жана түсүнө карата мүнөздөмө берет. Жаз алды менен окуудан келген маалдан тартып чакан бакчадагы гүлдөрүнө кам көрөт.

Аны менен катар кыйыштуруу жолу аркылуу роза гүлүнүн жаңы өңдөрүн өстүргөн. Учурда роза гүлүнүн 9 түрүн жана майда гүлдөрдү өстүрөт.

«Жаз айларынан баштап эле бакчасы кооздукка бөлөнөт. Кеч күзгө чейин гүлдөр сакталып турат. Гүлдөр өтө назик болгондуктан ага аяр мамиле жасап, курт-кумурскага карата дарылап карайм. Өстүргөн гүлдөрүмдү сатып алууга келгендерге деле сата бербейм. Себеби, гүл өстүрүп анын кооздугуна суктануу мен учун сыймык», - дейт ал.

Айрым учурда белекке да берет, алдыда окуусун аяктап, жогорку билим алып, багбанчы болсом деген тилеги бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×