Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 18.06.2015 12:24

Айыл турмушу: Жети-Өгүздүн тургуну М.Орозалиев карагай тилүүчү агрегат иштетип, айыл жаштарын жумуш менен камсыз кылган (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну Марат Орозалиев кичи ишкана ачуу менен 15 жылдан бери эмгектенип келет, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, ишкер алгач ээр чаап, кол өнөрчүлүктү аздектеп келсе, азыркы тапта карагай тилүүчү агрегат иштетип, айыл жаштарынан 10 жумушчу алган. М.Орозалиев айыл элине да ар дайым колдоо көрсөтүп келет.

Өздүк каражатынын эсебинен 160 киловаттык трансформатор орнотуп берүү менен 40 үй жарык менен камсыз болгон.

Иштин көзүн жакшы билген ишкер 10 адамга айлык маяналарын учурунда берип, тамактануусун акысыз кылган.

Мындан сырткары, асыл тукум майда мал жандыктарын асырап, ишкердикти өнүктүрүп келүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×