Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 17.06.2015 11:29

Ала-Букада 40 жылдан бери сүрөт тартуу менен алектенген Б.Рустамов: Адамдын көзүнөн анын өткөн өмүрүн, тагдырын билип койсоң болот (фото)

Turmush -  Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун тургуну Бахрам Рустамов 40 жылдан бери сүрөт тартуу менен алектенет. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдайт.

Сүрөт тартуу боюнча атайын окуган деле эмес, өз алдынча изденип жүрүп үйрөнүп алган. Учурда ал Жалал-Абад шаарынын «Жеңиш» эс алуу багында адамдардын портретин түшүрүү менен алектенип жатат.

«Адамдын сүрөтүн кагаз бетине түшүрүп жатып, анын көзүнөн өткөн өмүрүн, тагдырын билип койсоң болот. Бул кесиптин аркалоо менен элдин маданиятын көтөрүүгө, руханий байлык тартуулоого салым кошуу - менин бирден бир максатым», - дейт Бахрам.

Ал белгилегендей, инсандын портертин тартуунун өз түйшүгү бар. Эгер ал сүрөт тартып жатканда каарманы телефон менен сүйлөшсө, же тааныштары алагды кылса, адамдын келбетин түшүрө албай кыйналат.

Учурда ал элдин жашоо турмушун эске алып, 150 сомго адамдын келбетин сүрөткө түшүрүп жатат. Кээде 5 миң сомго да тартат, андай учурда бир адамдын портретин тартуу үчүн эки күндүк убактысын коротот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×