Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Талас облусу, Талас 16.06.2015 12:06

Айыл турмушу: Талас шаарында муниципалдык «Элдик нан» чакан ишканасы нандын 5 түрүн калкка арзан баада сунуштайт (фото)

Turmush -  Талас шаарында бири-бири менен атаандаша иштеп жаткан 3 наабайкананын бири - муниципалдык менчиктеги «Элдик нан» деп аталган чакан ишкана.

Аймактык кабарчы билдиргендей, 6 адам эмгектенген бул ишкана нандын 5 түрүн калкка арзан баада сунуш кылып келет.

Наабайкананын негизги максаты - күнүнө 300дөн кем эмес бөлкө бышырып, Талас шаарынын балдар бакчаларын камсыз кылат. Мындан тышкары, кара нандын 2 түрүн, көмөч нан жана кебек нандан 500 даананын тегерегинде бышырып, сатууга чыгарат.

Түркия өндүрүшүнөн чыгарылган 2 меш 2010-жылы алынып келинип, газ менен иштөө ыкмасынан электр энергиясы менен бышырууга ылайыкташып кайра жасалып чыккан. Наабайчылар 4,5-5 миң сомдон кем эмес айлык алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×