Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 16.06.2015 11:03

Айыл турмушу: Кара-Көл шаарындагы 100гө жакын тургуну бар Жээн-Кыштоо айылы эс алууга ыңгайлашкан жер (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарына караштуу Жээн-Кыштоо айылы мөмө-жемиш, жашылча өстүрүүгө өтө ыңгайлуу жер, деп билдирет аймактык кабарчы.

Бул айылда 20 түтүн эл жашайт, 100гө жакын адам бар. Шаарда мал бакканга шарты жоктор ушул жерден жер алып, мал чарбачылыгын өнүктүрүп жатат.

Эс алууга да ыңгалуу жер. Кара-Көл шаарына караганда мөмө-жемиш, жашылча 10 күнгө эрте бышат, ысыгыраак келет. Бул жердин тургундарынын көйгөлүү маселеси - жолдордун начардыгы, шаарга баруудагы транспорттун тартыштыгы эсептелет.

Жергиликтүү тургун Айтыкулов Ыманбектин айтуусунда, жол кире 15 сомдон болсо дагы бир күндө 2 жолу маршруттук каттам уюштуруп берсе жакшы болмок.

«Ошондой эле, бизде таза суу бар, түтүктөр бар бирок таза сууну заманбап шарттар менен куруп, суу агымын көбөйтүп беришсе. Анткени, мурдагы түтүктөр эскирип калган», - дейт ал.

Учурда жээн-кыштоолуктар малдарын Эш-Сай жайлоосуна айдап ийген. 20 түтүн ар кайсы жерде алыс, кээ бири жакын жайгашкан. Эли болсо ынтымактуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×