Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 15.06.2015 18:38

Айыл турмушу: Токтогул ГЭС каскадынын иш билги адистери (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы Токтогул ГЭС каскадынын негизги башкаруу пультунда өз кесибин терең аздектеген жана чыгаан иш билги адистер эмгектенишет.

Нурманбет Текебаев Токтогул ГЭС каскадында кызматкерлерди алмаштыруу бөлүмүнүн башчысы катары 30 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Ал эми Динара Жапарова каскадда 8 жылдан бери иштеп, бир топ тажрыйбага ээ болуп калды. Ал Кара-Көл шаарындагы энергетика институтун энергетик адистигин бүтүргөн.

Ысымдары аталган каскаддын эки адиси Камбар-Ата-2, Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай жана Үч-Коргон ГЭСтериндеги иштелип чыккан күндөлүк жалпы электр энергиясынын кубатын жана аны өндүрүп чыгарууга кеткен суунун өлчөмдөрүн такай көзөмөлдөп, эсептеп жазып турушат.

Алардын энергетик кесиптештери станциянын мөөнөттүк начальниги Марат Асанов менен башкы эсептөө жабдуусунун кезметчиси Элмира Шатманалиева да энергетик адистигин Кара-Көл шаарындагы энергетика институтунан билим алышып, энергетик адистигин алышкан жергиликтүү адистерден болуп саналат.

Премьер-министр Темир Сариев жакында атайын иш сапары менен Токтогул ГЭС каскадында болгондо бул адистер менен кең-кесири пикир алмашып, алардын өз иштерин эң мыкты билгендигине терең ыраазычылыгын билдирди.

«Кара-Көл шаары жөн жайынан энергетиктердин мекени деп аталбаса керек. Бизде иштеген кызматкерлер менен адистердин дээрлик басымдуу бөлүгүн жергиликтүү кадрлар түзүшөт. Кара-Көл шаарындагы энергетика институту биз менен тыгыз байланышта иш алып барышат. Ал жерден алган теориялык билимдерин студенттер бизден практикадан өтүшүп бышыкташат. Натыйжада окуу жайын бүтүргөндөрдүн көбү бизге келип иштеп калышат», - дейт Токтогул ГЭС каскадынын директору Алмаз Кушубаков.

Союз тарап ыдырагандан кийин Кыргызстанда иштеп жаткан ГЭСтердеги кадрлардын арасында жергиликтүү адистердин көбөйүүсү мыйзам ченемдүү көрүнүшкө айланып калды. Жыл өткөн сайын энергетик адистиги жаштардын кызыгуусун жаратып жаткандыгы турмуштук чындыкка айланып калгандыгын танууга болбойт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×