Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Баткен облусу 15.06.2015 18:28

Айыл турмушу: Фермер А.Абдрахманов: Баткен элин экологиялык жактан таза балык менен камсыз кылам (фото)

Turmush -  Акыркы кездерде чындыгында эл арасында ишкердиктин түрү көбөйүүдө. Бирөө тоок фермасын ачса, бирөө күнөсканада помидор, бадыраң, лимон өстүрүп, бирөөсү бөдөнө багып жаткандыгын билебиз.

Адегенде ишкердик чөйрөсүндөгү дагы бир жаңылык бул балык чарбачылыгы жанданууда. Ар бир эле адам ден соолугу үчүн балыктын пайдалуулугун жакшы билишет.

Ошондуктан аймакта балык чарбачылыгынын өнүгүүсү биринчи кезекте эл үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк болоору талашсыз. Бул багытта Баткен шаарынын четине көлмө куруп, балык өстүрүп жаткан фермер Алтынбек Абдрахманов менен анын көлмөсүнүн боюнда ишкердиги жөнүндө аймактык кабарчы баарлашып кайтты.

- Алтынбек Гыламидинович балык чарбачылыгын ачуу жөнүндө ой кантип келди?

- Мен балык уулоого аябай кызыгам. Кичине кезимен кайырмак көтөрүп, ушул аймактагы көлмөлөрдө балык кармап жүрүп чоңойдум. Өзүм үй-бүлөм менен шаардын четинде турам. Бул аймак кандай гана ишкердик болбосун ыңгайлуу. Мага балык өстүрүү ою көп жыл мурда келген. Ошентип бул ишкердикти баштаганыма быйыл 3 жыл болот.

Бул көлмө чыныгы көлмөлөрдөн айырмаланбайт деле экен, аны кантип жасадыныз, аянты канча?

- Бул жер мурда бош жаткан жер болчу. Аны атайын техникалар менен казып, мына ушул эки көлмөнү жасадым. Бирөө 12 сотых, бирөө 8 сотых. Өз нугу менен суу келет. Суу ар дайым агып тургандыктан көлмө ушундай таза, жагымдуу көрүнөт. Көпчүлүк адамдар балык өстүрүүдө сууну камап коюшат. Балыктардын өсүүсү үчүн суунун тазаланып тургандыгы аябай маанилүү.

- Ал эми көлмөдө балыктардын кандай түрлөрү бар?

- Белый амур, Карп, Талсталов деген балыктын түрлөрүн Ош облусунун Өзгөн районунан алып келгем. Булар кылкандуу эмес. Эң жакшы балыктын түрлөрү. Ал эми өзүбүздүн жергиликтүү балыктардан Сазан дагы бар. Бул балыктардын жакшы жери - алар чөп-чар менен тамактанат. Көлмөнүн айланасындагы камыштарды жешет. Анан мына мындай жемдерди берем.

- Ырас эле бул жем эмнеден жасалган? Балыктарды тез чоңойтуучу химикаттардан бербейсизби?

- Жок мен андай тез эт алдыруучу химикаттарды такыр колдонбойм. Бул жемдин курамында кунжара, кебек, жүгөрү, буудай, күрүч бар. Мен 100% экологиялык жактан таза балыктарды өстүрүп жатам.

- Балыктар чоңоюп калыптыр, сатыкка чыгардыңызбы?

- Балыктардын алды 4 кг салмакта. Бирок сатыкка чыгара элекмин. Анткени, бул балыктар 2 жылдан кийин урук таштайт деген. Азыр дал ушул мезгилде урукташып жатат. Буюрса, эмики жылга сатыкка чыгарам.

- Ар бир иштин өзүнө жараша түйшүгү болот эмеспи. Балыктарга өзгөчө камкордук талап кылынса керек.

- Ооба эң негизгиси балыктар тынчтыкты жакшы көрүшөт. Ошондуктан чарбаны чет жерге курганмын. Анан өзгөчө белый амур деген балык өтө акылдуу келет. Алар ар дайым эки экиден жүрүп бири бирине чөптөрдү камыштарды ийип берип тамактанышат. Ал эми күн сайын таң эрте жем бергени келгенимде менин көк фудболкамды таанып калышкан. Жемди көтөрүп келатсам кадимкидей баары көлмөнүн жээгине чогулуп калышат.

- Келечектеги максаттарыңыз менен бөлүшө кетсениз.

- Албетте максаттарым чоң. Балык чарбаны дагы кеңейтип, эл үчүн эс алуу жайын ачсам дейм. Учурда донорлорду тартуу аракетин көрүп жатам. Ишке ашып калса, адамдар келип балык кармап, тамактанып, эс алып кетүүсү үчүн жакшы шарты бар эс алуу жайына айлантам деген ойлор бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×