Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 12.06.2015 17:32

Айыл турмушу: Кара-Көл шаарында лаборант-бактериолог Ж.Чаргынов тоок багып, аларды көбөйтүү менен алек (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын Ж.Чаргынов көчөсүнүн тургуну Гулбайра Ногойбаева кесиби боюнча лаборант-бактериолог болуп иштейт. Ал шаардын борбордук бөлүгүндө жашайт, мал кармоого жай тартыш болгонуна карабай, тоок багат.

Жазында анын тоок канасындагы 30дай тоок бар болчу, анын бир бөлүгүн сатып, керек-жарагына пайдаланган. Бирок, жакында эле 5 тоогу 15тен балапан басып чыгарды, дагы 2 тоогу жумуртка басып жатат.

«Жөжөнү күздө сана деген сөз бар, буюрса, күзүндө тоогубуздун саны 50-60ка жетип калат окшойт. Анын үстүнөн жөжөнүн душманы көп болот экен, көбүн мышык жеп кетет. Ошол себептен, жумуштан келгенге чейин торго камап, келгенде жем-суу берип, чөпкө коё берем. Жаңы жөжө басып чыгарган тоокторду сатып алам деген тааныштар бар, аларга 1000 сомдон сатып жиберебиз. Жазында эле көп тоокту 500 сомдон саттык. Ал эми, кышкысын майрамдарда союп сатса болот. Бул кошумча киреше. Ошондой эле, өзүбүз жумуртка сатып албайбыз. Учурда үй жумурткасынын 1 даанасы 12 сом турат. Элеттегидей жер кенен болгондо жүгөрүнү кенен эгип талаага тоок фермасын түзүп, жемди өзүбүз эле даярдамакпыз. Шаар жеринде жем да тартыш болот. Маселен 1 килограмм жүгөрү 25 сомдон өйдө турат, ал эми, буудай андан да кымбатыраак», - деди Г.Ногойбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×