Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Талас облусуТалас району 12.06.2015 11:12

Айыл турмушу: Талас районунун Көк-Ой айылынын жашоочусу Ж.Жарматов көчмө жыгач тилгичи менен элге кызмат көрсөтөт (фото)

Turmush -  Талас районунун Көк-Ой айылынын жашоочусу Жеңиш Жарматов көчмө жыгач тилгичи менен облустун бардык айылдарына барып, калкка кызмат көрсөтүп келет.

Аталган тилгичтин салмагы 1 тоннага жетпегендиктен, Ж.Жарматов аны жеңил унаага чиркеп алат. Эң башкысы, ал кыдыра турган айыл-кыштактардын жолу жеңил унаа жүрө ала тургандай деңгээлде түз болсо болду. Тилгич аппарат поезддикине окшогон рельске отургузулган, дарактардын бардык түрүн, ичкелигине, жоондугуна карабай тилип берет.

Болгону, кардар тилдирүүчү тактайынын өлчөмүн гана айтып коёт. Кызмат көрсөтүүнүн акысы анчалык деле кымбат эмес. Азырынча, Таласта Жеңиш Жарматовго атаандаш болчу ишкерлер бирин-серин гана.

Фото11061

Фото11060

Фото11059

Фото11057

Фото11056

Фото11055

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×