Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ысык-Көл облусу, Каракол 11.06.2015 17:43

Айыл турмушу: Караколдук уста М.Меңдулатов териге сүрөт түшүрүп, ээр чабат жана ат жабдыктарды жасайт (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын тургуну сүрөтчү Муктар Меңдулатов адамга сөзү жок эле, кыл калем менен керемет ойлорду тартуулаган өзгөчө талант ээси.

Ал териге сүрөт түшүрүп, ээр чабат жана ат жабдыктарды жасайт. Материалдарды Бишкек шаарынан алып келип, теринин көп түрүнөн жакшыларын тандап алат.

Анын айтымында, булгаарыга сүрөт түшүрүү үчүн анын жогорку сорту керек. Анын эмгектерин туристтер да сатып алууда. Муктар картиналарын ар кандай баада сатат. «Чет өлкөлүктөр чоң нерсени алып кете албайт, майда буюм-тайым, сувенирлерге кызыгышат. Картинанын деле кичинесин алат. Чоңдорун болсо чиновниктер, байлар сатып алып жатат. Панно деп коет, булгаарыдан жасалган картинаны. Булардын баасы да ар кандай. Маселен, 45-30 сантиметрлиги 50 доллар, 50-60 сантиметрлиги 200 доллардын тегереги. 1000 долларга чейинки картиналар бар», - деп билдирет ал.

Ал 1996-жылы Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын аяктагандан кийин кайра эле ошол окуу жайда дал ушул булгаары менен иштөө тармагында балдарга сабак берип, окутуучу болуп иштеген.

«Бардык нерсе эле каражат маселесине барып такалат эмеспи. Мугалим болуп үй-бүлө бага албай калчудаймын. Кийинчерээк ушуну ойлоп, өзүнчө иш баштоону туура көрүп, булгаарыны көркөмдөп жасалгалоо боюнча өз алдынча иштей баштадым. Канчалык көп иштесең ошончолук көп ойлор келет. Ошентип изденесиң, улам кийинки эмгектериң кызыктуу боло берет. Ушу жумушум менен чарчап да, андан ырахат да алам. Кудайга шүгүр, элдин артында калбайбыз. Иштей бересиң, иштей бересиң. Ичиңдеги бук чыккандан кийин бир картина жаралат, карап туруп, анан тема коюлат. Кээсине тема да коюлбай калышы да мүмкүн. Мен товарымды көп рекламалабайм. Республикалык көргөзмөлөргө деле көп катышып жиберген жокмун. Аны ала турган кардарлар өзү келишет. Эгер менин эмгегим кимдир бирөөгө жагып калса ал, мени сөзсүз издеп таба алат», - дейт Муктар.

Ал чапкан ээрлердин түрү 40 миң сомдон 8-10 миң долларга чейинки баада. Баасы ага чөгөрүлгөн күмүшкө жараша. Күмүштү кесип, тазалап, бекитип чыгат. Мындай ыкма темир ширетүүдөн да катуу кармалат, бекем болот. Алар жылына эки-үч ээр жасай алат. Ал эми, ээрлерди көбүнчө тартууга, белек кылууга алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×