Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ысык-Көл облусуТоң району 11.06.2015 14:18

Айыл турмушу: Фото - Элинин баары боз үй жасоо менен алектенгендиктен Тоңдун Кызыл-Туу айылы «Кыргыз боз үй айылы» деген ат менен белгилүү

Turmush -  Тоң районунун Кызыл-Туу айылы кыргыздын боз үйлөрүн жасоо өнөрү менен белгилүү, деп кабарлайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

1700дөн ашык калк жашаган айылдын ар бир түтүнү боз үй жасоо менен алектенет.

Кызыл-Туу айылынын айыл башчысы Аман Исаевдин айтымында, 15 күндө бир боз үйдү толугу менен жасап бүтүрүшөт. Бул жакта 35 баштан 120 баш боз үйлөр жасалып, наркы 3-10 мин долларга чейин сатылат.

Бул айыл «Кыргыз боз үй айылы» деген ат менен белгилүү, дейт айыл тургуну Д.Иманакунов. Бир жылда бир үй-бүлөө 10дон ашык ар кыл боз үйлөрдү жасап, өздүк кирешелерин толуктап келишет. Боз үйгө кара жана турпан талдар алынып, ууктар дайардалган соң күнгө кактап кургатылып, андан сон 20 мүнөт буу казанга салынат. Уй ээлери боз үйдүн ууктарын ийип, түндүк көтөрүшсө, айымдар ички жасалгалары менен алектенет.

Өткөн жылы 100дөн ашуун боз үй сатылган. Четтен келген эс алуучулардын суроо талабы арбын болгондугуна байланыштуу боз үйчүлөр айылында иш кызуу жүрүп жаткан маалы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×