Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Талас облусуМанас району 11.06.2015 12:35

Айыл турмушу: Манас районунун Бала-Саруу айылында долбоор боюнча ачылган тигүү цехи кыз-келиндерди иш менен камсыз кылууда (фото)

Turmush -  Орто Азиядагы миграция регионалдык программасынын алкагында БУУнун колдоосу менен Манас районунун Бала-Саруу айылында «Келечек» тигүү цехи негизделген. Учурда мында айылдын 5 айымы иш менен камсыз болгон.

Долбоор аркылуу 60 миң сомго жакын каражатка тигүүчү машиналар, кездемелер менен камсыз болушкан. «Биз башкысы жасаган ишибиздин санына эмес, сапатына көңүл бурабыз», - деп билдирди цехтин жетекчиси Динара Канаева.

Аталган тигүү цехине көпчүлүк учурда кыздын себине зарыл болгон буюм-тайымдарды жасоо үчүн буйрутмалар келип турат. Жумагул апа мында кыз-келиндери менен карыдым дебей билгенинүйрөтүп, билбегенинүйрөнүп иштешип келе жатат.

Мындай чакан айылда жумушсуз кыз-келиндер үчүн аталган цехтин ишке кириши жакшы эле жардам болгондугун айтат ал. Мында ошондой эле, төшөнчүлөрдү каптоо үчүн шейшеп, жаздыкчаларды жасоо менен алектенишет жана аны сатуу үчүн айылдагы же райондогу ишкана-мекемелерге сунушташып, иштетшип турушат.

«Буюрса, ишибиз жаман эмес», - дешет алар. Бирок, алар турган имарат өтө эле тар жана карангы. Жакында жарык жана кенен имарат курулуп бүтүп, ишке бериле турганын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×