Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Талас облусуМанас району 11.06.2015 11:27

Айыл турмушу: Манас районундагы кыш заводунда 5 ай аралыгында миллионго жакын кирпич өндүрүлөт (фото)

Turmush -  Манас районунун Жайылган айылында жоопкерчилиги чектелген коом 2007-жылдан бери кыш чыгаруучу заводун иштетип келет. Мында Кытай технологиясы менен бекем, сапаттуу кирпичтер жасалат.

Жумушчулар алгач топуракты казып алган соң, аны калыпка келтирип алат дагы, ачык асман алдында 1 жума кургатылып, анан 3-4 күн аралыгында 2000 градус ысык отто меште бышырып алышат.

Аталган заводдо Жайылган элинин 50гө жакын жараны иш менен камсыз болгон, алардын кылган ишинин түрүнө жараша 10 миңден 15 миң сомго чейин айлык маяна менен камсыз болушкан. Айыл башчысы Нурдин Календеровдун айтымында, кыш заводунун иштеп турганы айыл элине да чоң жардам.

Анктени техникалары менен арык, каналдарды тазалоо, жолдору оңдоодо жардамга келишет, мындан сырткары айылдын социалдык бир катар көйгөйлөрүн чечүүдө да каржылык колдоолорун көрсөтүп келишет.

Кыш заводунда май айынан сентябрга чейин гана иш жүрөт. 5 ай аралыгында миллионго жакын кирпич өндүрүлүп чыгат. Жайылган кышынан сапаттуулугунуан улам ага болгон талап да жогору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×