Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баткен облусуКадамжай району 10.06.2015 18:47

Айыл турмушу: Манас районунун тургуну О.Бердигулов бөдөнө багып, аны көбөйтүүнү максат кылууда (фото)

Turmush -  Манас районунун тургуну Ороз Бердигулов ага жаратылышты сүйгөн жана кастарлаган инсандардан. Ал айыл четинде жашагандыктан үй, кой, бука багып, аймакка жат болгон бөдөнө, кекилик, коендорду багып, көбөйтүүү менен алек.

Анын айтымында, азыр 40 бөдөнөнү багууда, аладын баарын атайы борбордон алып келип, аны багуунун сырларын өздөштүрүп жатат. Бөдөнөнүн жумурткасы азыр өтө жогору талапка ээ болуп келет, анткени анын курамында адамдын ден соолугуна өтө пайдалуу витаминдерге бай келет.

Келечекте анын санын көбөйтүүнү жана тоо кушту багууну да пландаштыргандыгын айтат. Анын чарбасында бир топ уй, жылкы, койлор да багылып, коен менен таза кандуу эт багытындагы букаларды да кармайт.

Жалгыз өзү чарбаны кароого жетишпегендиктен уйчуманы, саанчысы да бар. Мал жанын жемин камсыз кылуу үчүн өзүнүн 10 гектар үлүш жерине көп жылдык чөп жана бедени гана айдайт. Чөптүн биринчи чабыгынан 2 миңге жакын түк чогултуп алган. Ороз ага мындан сырткары, үйүнүн жанындагы көлмөдө балык да багат. Ал эми коңшусунун үйүн сатып алып, анын ысык аптаптуу жайда эс алуу үчүн «Салкын Тор» алуучу жайын да ишке берди.

Мында эс алуучулар үчүн тамак-ашын дайындоо, отуруп эс алуу, сууга түшүү үчүн бардык шарттары каралган.

Маалым болгондой, элеттеги айылдын ичики жодору өтө начар болгондуктан, эс алууга келген тургундардын ыңгайы үчүн жеке өзүнүн каражаты менен аны оңдотуп да алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×