Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Баткен облусуКадамжай району 10.06.2015 16:00

Айыл турмушу: Кадамжай районунда кыргыздын улуттук суусундуктарын Токтогул, Суу-Самырдан алып келип саткан борбору ачылды (фото)

Turmush -  Кадамжай районунда кыргыздын улуттук суусундуктарын ичип, эс алуучу борбор ачылды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Бул жайдын ээсинин айтымында, жогоруда айтылган улуттук ичимдиктерин сатуу үчүн кымыз, жарма, жана башка суусундуктарды көбүнчө Токтогул, Суу-Самырдан алып келишет.

Себеби Кадамжай районунда кымыз жасоочулар сейрек кездешет. Кымыз жасагандарда дарылык үчүн сатып, бүгүнкү күндөөз үйлөрүндө күнүнө 4 миң сомдон таап башташкан. Шаарда кафе жана башка тамактануучу жайлар көп болгондуктан баарынан өзгөчө болуусу үчүн кыргыздын улуттук боз үйүн тигип, элди тартууга аракеттенип жатышат.

Эскерте кетсек, ушул убакка чейин Кадамжай шаарында улуттук суусундуктарды сатуу борбору жок болгон. Андыктан бул борбордо күнүнө 1000 сомго чейин соода кылууга болот.

Аталган борборду уюштуруучулардын айтымында, алардын максаты - азыркы учурда жергиликтүү тургундар спирт ичимдиктерин көп ичкендиктен, аларды спирт ичимдиктеринен арылтуу болуп саналат. Анын ордуна жакшы жасалган кымыз сунушташат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×