Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Нарын облусуАк-Талаа району 09.06.2015 18:23

Айыл турмушу: Ак-Талаа районунун 35 жаштагы тургуну Н.Жусуева өзүнүн дүкөнүнөн күнүнө 5 миң сом киреше табат

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургуну, 35 жаштагы ишкер айым Назгүл Жусуева «Элдик» аттуу чоң дүкөн ачып, андан күнүнө 4500-5000 сом таза киреше табаарын аймактык кабарчыга маалымдады.

Аталган ишкер айым соодагерлик менен 4-5 жылдан бери алектенип келген. Ал жакында Баетов айылындагы эл көп жүрүүчү автобекеттин жанына «Элдик» аттуу дүкөн ачып, ишкерлигин кеңейткен. Дүкөндө азык-түлүк, жер-жемиш, кийим-кече, суусундуктардын түрү, канцелярдык буюмдар жана башка элдин бардык керектөөлөрүн сатууда.

Ал товарларды Бишкек шаарынан алып келип, башка соодагерлерге караганда арзан сатуу менен, учурда кардарларынын саны күн санап өсүүдө.

Жолдошу Нурбек Сейдибакасовдун кесиби каржы кызматкери. Алар 3 кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×