Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 09.06.2015 13:27

Айыл турмушу: Кара-Көлдө ардактуу эс алуудагы пенсионер Ж.Гүлүмкан тигүү цехин иштетет (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургуну, ардактуу эс алуудагы пенсионер Жумалиева Гүлүмкан жеке ишкерчиликти колго алганына көп болду.

Шаарда жумушсуздукту жоюуга өз салымын кошуп келүүдө. Маселен, анын «Жез оймок» тигүү цехи 2002-жылдан бери иштеп, шаар элин тейлеп, аны менен катар 10 адамды жумуш орду менен камсыздап жатат.

«Биздин тигүүчүлөр үй буюмдарын, боз үйдүн жасалгаларын жана алардын жабдыктарын оңдоп-түздөө иштерин жасашат, мындан тышкары кыздын себин даярдашат. Жакындан бери мектеп окуучуларынын формасын тигип жатабыз. Жумушчуларымдын саны ушуга байланыштуу көбөйдү. Ар бир 10 күндө жасаган иштерине жараша айлык акы берем», - деди ал.
Гүлүмкан эженин тигүүчү жайын шаардын тургундары жакшы билет. Ар кандай саркеч кийимдерди дагы тигишет. Тигүүчү техникалык жабдыктары жетиштүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×