Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Нарын облусуЖумгал району 09.06.2015 13:17

Айыл турмушу: Жумгал районунда Т.Кенжеказаков суу жээгине балык чарбасына катарлаш эс алуу жайын уюштурууда (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Беш-Терек айылынын тургуну Кенжеказаков Толубай аталган айылдагы суу жээгине «Спорт жана туризмди» өнүктүрүү деген ураан менен «Алтын Балык» эс алуу жайын 1 жылдан бери иштетип келет.

Бул эс алуу жайында жаратылыш ичинде эс алууга ылайыкталган тапчандар, атайын столдор орнотулган. Эс алууга келгендер үчүн шишкебек, балык, самсы жана суусундуктар сатылат. Бул жайдын ээси 3 адамга жумуш ордун түзүп берген. Орундукту Толубай мырза насыя алып, ага өз каражатын кошуп, 5 жылга ижарага алып, жолдошу Жумалиева Акылай айым менен биргеликте иштетүүдө.

«Мындай эс алуу жайын ачуу көп жылдан бери оюбузда бар эле. Элге жайкы эс алууда жаратылыш ичинде эс алууларына ылайыктап ушундай жайды ачтык. Бул жер жайыт жер болгондуктан, 5 жылга ижарага алып иштетип жатабыз. Тамактарыбыз эс алууга ылайыкталган. Жаратылышта эс алганда көбүнчө шишкебек, балык жешет, ошондуктан көбүнчө ушуларга басым жасайбыз. Шишкебектин эки түрү кой этинен жана тоок этинен жасалат, ал эми балыктар өзүбүздүн өстүргөн балыктарыбыз быйыл кичине болгондуктан, Түгөл-Сай айылынын балыктарын сатып алып, кайра бул жерден бышырып сатабыз. Бул жерге бардык Жумгал эли келип эс алышат. Алдыда планыбызда бул жерди көрктөндүрүү, ар кандай бактарды, гүл, алма өрүктөрдү чекесинен тигип баштадык», - деди каарман.

Ал кошумчалагандай, областык экологияга долбоор жазып, 45 сосна отургузушкан. Эми ак кайың отургузуу, бассейн куруу, кичи волейбол ойноочу жай, куда түштөндүргөнгө 30 кишилик орундук куруу жана балыктарды көчүрүп келүү боюнча пландары бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×