Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 09.06.2015 12:57

Айыл турмушу: Жети-Өгүздө кол өнөрчү Э.Бекчороева 40 жылдан бери окуучулар чеберчиликтин сырларын бөлүшүп келет (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда 40 жылдан бери кол өнөрчүлүктү аздектеп келген Э.Бекчороева окуучулар менен узчулук өнөрдүн сырларын бөлүшүп келет.

Жети-Өгүз айылынын тургуну Эркин Бекчороева Д.Иманов атындагы мектепте 20 жылдан бери кол эмгек сабагынан окуучуларга билим берип келет. Уз-чебер окуучулары менен райондук, облустук бир катар кароо сынактарга катышып, ийгиликтерди багынтып келет.

Улуттук өзгөчөлүккө ээ болгон үй шартына керектүү буюмдарды жасап келген 20га жакын окуучулар жүндү уютуп, андан сувенирлерди жасашат. Бул ийримге катышкан 20 окуучу окуудан сырткары эжейи менен түрдүү буюмдарды жасашып, курак курап, кийим тигишет.

Кыздардын кол эмгектерине болгон суроо-талап арбын, дейт Э.Бекчороева.

Алар жүндү уютуп мобилдик телефондорго каптарды жана сумкаларды жасашат. Уз-чебердин окуучуларынын алды мектепти аяктап, өз алдынча цех ачып, иш жүргүзүп келгендиги маалым болду. Алдыда кыздар үчүн маанилүү болгон кол өнөрчүлүктү окуучуларга тереңдетип үйрөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×